БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

Кара-Балта филиалыбыздагы кесиптешибиз - Ринат Мундузбеков «Көп кепилдиктер – укмуш байге!» атуу Кепилдик фондунун акциясында байгелүү болду.

02/12/2022
Unsplashed background img 1
menu
search
close
personОнлайн банка кирүү

📌 2-декабрда “Кепилдик фонд” ААКсынын кеңсесинде “Көп кепилдиктер – укмуш сыйлык!” акциясынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Акцияга «Кепилдик фонд» ААКтын 18 өнөктөш банктарынын кредит боюнча адистери катышты.

«Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров куттуктоо сөзүндө банк мекемелеринин өкүлдөрүнө өлкөдөгү кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүдө кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

🏆 Акциянын жыйынтыгы боюнча Чүй облусу боюнча "Мыкты кредиттик адис" номинациясында:

Биздин кесиптешибиз ФКБ Кара-Балта филиалынан Ринат Мундузбеков ардактуу төртүнчү орунду ээледи.

Алгачкы төрт орунду ээлеген жеңүүчүлөр эстелик сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Баа берүүнүн негизги критерийлери болуп кредиттер берилген «Кепилдик фонд» ААК тарабынан берилген кепилдиктердин эң көп саны жана суммалары үчүн банк кызматкерлерине ыйгарылган баллдар эсептелген.

 Ринатты жеңиши менен куттуктайбыз жана ушуну менен эле токтоп калбай, ишинде мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, жаңы жеңиштерге жетишин каалайбыз!

ГФ



Бардык кабарлар