БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

ФИНАНСКРЕДИТБАНК МЕНЕН КЕПИЛДИК ФОНДУ ПТБМ АЛКАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЙДУ

15/08/2023
Unsplashed background img 1
menu
search
close
personОнлайн банка кирүү

14-августта «Кепилдик фонд» ААКсынын кеңсесинде «Микро, чакан ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү» (МЧИӨКК) проектисинин «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) компонентин ишке ашыруунун алкагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттүү.

Иш-кагазына “ФинансКредитБанк” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК башкармалыктардын төрагалары Эрмек Алчиев менен Малик-Айдар Абакиров кол коюшту.

ФинансКредитБанк тарабынан ишкерлерге берилген насыялар боюнча насыялык тобокелдиктин бир бөлүгүн бөлүштүрүү үчүн Кепилдик фонд тарабынан портфелдик насыянын гарантиясын берүү тартибин жана шарттарын аныктоо келишимдин маңызы болуп саналат. Макулдашуу ПТБМ жол-жоболорун жөнгө салуучу Нускамага негизделген.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААКтын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. ПТБМ Банкка кредиттерди кыйла жеңилдетилген шарттарда берүүгө жана алардын кайтарылбай калуу тобокелдигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, бул ата мекендик ишкерлер үчүн реалдуу колдоо болуп саналат.

ГФ



Бардык кабарлар