2023-жылдын 13-мартында «ФинансКредитБанк» ААК менен UPT эл аралык акча которуулар системасынын ортосунда эки тараптуу келишимге расмий кол коюу болду. Бул Макулдашууга кол коюу UPT эл аралык өнөктөштүк боюнча вице-президенти Мурат Кастандын, «ФинансКредитБанк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Алчиев Эрмек Карагуловичтин, Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Сулайманов Автандил Алякбаровичтин жана UPTнин Кыргызстандагы өкүлү Жоробеков Азамат Жолборсбековичтин катышуусунда өттү.
Бул акча которуу системасы мындан ары Кыргыз Республикасынын жарандарына Түркияга, ошондой эле Европа өлкөлөрүнө жеңилдетилген шарттарда акча которууларды жүргүзүүгө жардам берет.
Кол коюунун жүрүшүндө Алчиев мырза Мурат Кастан мырзага Кыргыз Республикасына болгон иш сапары үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле UPT «ФинансКредитБанк» ААК үчүн маанилүү өнөктөш экенин жана келечекте жемиштүү кызматташууга жана эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына үмүт артаарын белгиледи.
Мурат Кастан мырза Алчиев мырзага жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле «ФинансКредитБанк» ААКсы менен UPT эл аралык акча которуулар системасынын ортосундагы алгылыктуу мамилелер мындан ары Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошоорун белгиледи. Ал ошондой эле UPTнин артыкчылыктары Түркиянын ичинде жана сыртында акча которуунун ылдамдыгы жана ишенимдүүлүгү жогорку шартта экенин баса белгиледи.