БИШКЕКТЕГИ БОРБОРДУК КЕҢСЕ
720021, Абдрахманов көч.,105

Кеңселер жана сактык кассалар
Банкоматтар жана Pos-терминалдар
(0312) 443-443, 330-333

personОнлайн банка кирүү

«ФинансКредитБанк» ААКсында депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүдөгү өзгөчө сиңирген эмгек үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

28/08/2023
Unsplashed background img 1
menu
search
close
personОнлайн банка кирүү

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата «ФинансКредитБанк» ААКсында депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүдөгү өзгөчө сиңирген эмгек үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

«ФинансКредитБанк» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Мурзабеков Эркебай Рустамовичке Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүдөгү өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын отличниги» наам сыйлыгы ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «ФинансКредитБанк» ААКна арналган ыраазычылык каты «ФинансКредитБанк» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Алчиев Эрмек Карагуловичке тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директору Букуев Кадырбек Жумабекович Банктын жетекчилигин куттуктап, депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Банкка ыраазычылык билдирди. Директорлор кеңешинин төрагасы Мурзабеков Эркебай Рустамович башында турган Банктын жетекчилиги Депозиттерди коргоо агенттигин Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо тутумунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктап, өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга жана өркүндөтүүгө даяр экендигин билдирди.

azd



Бардык кабарлар