«ФинансКредитБанк КАБ» ачык акционердик коому 2005-жылы негизделген. 2005-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан Кыргызстанда «ФинансКредитБанк» ААКын ачууга карата алдын ала уруксат берилген. Керектүү документтер пакетин даярдоо жана каттоо процесси аяктагандан кийин, 2005-жылы 30-декабрда ФинансКредитБанк КРУБдун банк ишмердигин жүргүзүү укугуна карата лицензиясын алган. Берилген лицензия, инвестициялоону кошо алуу менен, банк операцияларынын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 2006-жылдын 6-февралынан тартып, «ФинансКредитБанк» ААКы кардарларды тейлөө боюнча толук кандуу иш алып баруусун жүргүзө баштаган.
«ФинансКредитБанк» ААКы оптималдуу пайыздык чендер, максималдуу ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин сунуштоочу заманбап банк болуп саналат. Банк бизнести өстүрүү арымдарын өнүктүрүүнүн активдүү саясатын жүргүзөт жана Жакынкы эки жылдын ичинде КРнын коммерциялык банктарынын арасындагы лидерлер тобуна чыгууну пландаштырууда.
Бүгүнкү күнгө карата, «ФинансКредитБанк» ААКынын филиалдык түйүнү Кыргыз Республикасынын алты негизги областтарында жайгаштырылган алты филиалдан жана 14 сактык кассаларынан турат.
Банктын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп өзүнө керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттөөнү, ошондой эле депозиттик рынокту өнүктүрүүнү камтып турган чекене бизнести өнүктүрүү эсептелет. Андан тышкары Банкта башка дагы бизнес багыттары: корпоративдик бизнес, ошондой эле чакан жана орто бизнес чөйрөлөрү өнүгүп келе жатышат.
Бүгүнкү күндө, Банк Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ири банктарындагы корреспонденттик эсептерге ээ. келечекте Түндүк Американын, Европанын, Азиянын эл аралык белгилүү банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү пландаштырылууда.
Банктын Миссиясы — бардык Кардарларга банк продукттарынын комплексин жана кызмат көрсөтүүлөрдү эң жогорку деңгээлде сунуштоо.
Башкы принцип — анын негизинде өз ара өнүктүрүү жана өнөктүштүк турган банк менен анын Кардарларынын ортосундагы ишеним. Миссиясы, банктын бүткүл жамаатынын ишмердигинин негизги жүйөөлөрү активдүү жаратуу жана пайдалуулук болушу керектигин аныктап турат. Кардарлардын керектөөлөрү – өнүгүүгө карата биздин стимулубуз, биз – интенсивдүү өнүгүү процессиндеги таканчык чекитибиз. Биздин ынанымыбыз болуп, бизнес, качан анын бардык катышуучулары утушта калган кезде гана мааниге ээ боло тургандыгы эсептелет.
Банктын философиясы гармония, акыйкаттык, саясатка аралашпоо, ишеним, өнүгүү жана аң-сезимдүүлүк принциптеринде базаланат. Өз ара мамилелердин гармониясы – банктын ичинде сыяктуу эле, анын тышкы курчоосу менен дагы – акыйкаттыкты, ишенимди жана саясатка аралашпоону талап кылат. саясатка аралашпоочулук – каалагандай саясий агымга ААКын болуу күнүмдүк милдеттерди чечүүдөн алаксытып тураарын түшүнүүнүн жыйынтыгы. Мамилелердеги ишеним жана акыйкаттык аң-сезимдүүлүк аркылуу калыптандырылат. Аң-сезимдүүлүк болсо өзүнүн үстүнөн, утурумдук күн сайын болуучу банктын өнүгүүсүнүн үстүнөн туруктуу иш алып баруу менен жетишилет. Реалдуу өнүгүү, качан чыр-чатактарды жана карама-карлышыктарды болтурбай турган гармониялуу өнүгүү бар учурда гана мүмкүн болот.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Сиздерди Банктын жаңыртылган расмий сайтынан тосуп алуудабыз!
«ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому өз ишмердигин 2005-жылдан тартып жүргүзүп келет. «ФинансКредитБанк» ААКы банк кызматтарын оптималдуу тарифтер, жгорку ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча сунуштап турган заманбап банк болуп эсептелет. Биздин Банкыбыз финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин сунуштап жаткан заманбап банк болуп саналат: коммерциялык жана керектөөчүлүк кредиттөө, комплекстүү эсептик-кассалык тейлөө, мөөнөттүү депозиттер, Валютасы алмаштыруу операциялары, акча которуулар, сейф депозитарийи. Банктын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп өзүнө керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттөөнү камтыган чекене бизнести өнүктүрүү, банк кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан туруп тейлөө жолу менен сунуштоо саналат.
Биздин максатыбыз кардарга банк кызмат көрсөтүүлөрүн алуу учурунда мүмкүндүктөрдү максималдуу тандоону сунуштоо. Биз болгон ишенимдүүлүк менен, кардарга багыт алуу жана кесипкөйлүк – туруктуу өнүгүүнүн күрөөсү жана биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз экенин айта алабыз. Биздин Банк Кыргызстандын коомдук турмушунан четте калбайт, ар түрдүү позитивдүү жана социалдык жактан маанилүү окуяларды колдоого алат.
Биз өзүбүзгө көрсөтүлгөн ишеними жана колдоолору үчүн бардык кардарларга жана өнөктөштөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз мындан аркы өз ара пайдалуу боло турган кызматташууга ишенебиз. Өзгөчө ыраазычылыкты алардын кесипкөйлүгү жана ишке болгон чыгармачыл мамилеси Банктын ийгиликтүү өнүгүүсүнө шарт түзүп жаткан Банктын кызматкерлерине айтабыз.
Бул кайрылуу биздин ынтымактуу командабыздын идеологиясын чагылдырат деп ишеним менен айта аламын.
«ФинансКредитБанк» ААКынын Башкармасынын Төрагасы
e-mail: fkb@fkb.kg
e-mail: fkb@fkb.kg
e-mail: fkb@fkb.kg
e-mail: fkb@fkb.kg
e-mail: fkb@fkb.kg
Список акционеров согласно реестра держателей ценных бумаг ОАО «ФинансКредитБанк» на 01.04.2020 г.
Нет данных
| Банктын корреспонденти | SWIFT-коду | Акча бирдиги | Корр номери.эсептер | Дареги |
|---|---|---|---|---|
| АО «Банк ЦентрКредит» (Bank CenterCredit (BCC)) | KCJBKZKX |
RUB |
KZ168562013334804848 |
Казахстан Республикасы, Алматы ш., Аль-Фараби пр., 38 |
| Harbin Bank Co., LTD, Harbin, China | HCCBCNBH XXX |
CNY |
19010000000005718 |
No.888 Shangjiang Avenue, Daoli District, Harbin |
| Zhejiang Chouzhou Commercial Bank, Hangzhou, China | CZCBCN2XXXX |
USD |
15601142320800002585 |
Hangzhou Shangcheng District Wangchao Road No.158 ChouYin |
| Aktif Yatirim Bankasi A.S. | CAYTTRIS |
USD |
TR100014300000000012568760 |
Istanbul, Turkey |
| HARBOUR AND HILLS FINANCIAL SERVISES LIMITED | GECGHKHH |
USD EUR CNY HKD |
05-417-001-02-00-0099-00000 05-417-001-02-00-0099-00000 05-417-001-02-00-0099-00000 05-417-001-02-00-0099-00000 |
UNIT 1605, FLOOR 16, TOWER 3, 33 CANTON ROAD, CHINA HONG KONG CITY, TSIM SHA TSUI, Hong Kong |
| Bank of Georgia | BAGAGE22 |
GEL USD EUR CNY |
GE18BG0000000605296588 GE18BG0000000605296588 GE18BG0000000605296588 GE18BG0000000605296588 |
GAGARINI STREET 29A, TBILISI, TBILISI, 0160 |
| АК «Алокабанк» | JSCLUZ22 |
USD EUR UZS |
21002840100090266001 21002978900090266001 21002000500090266001 |
100047, Ташкент ш., Мирабад району, Амир Темур проспектиси, 4 |
| ААК «Юнибанк» | UNIJAM22 |
USD EUR RUB CNY AMD |
24100584711601 24100584711602 24100584711603 24100584711604 24100584711600 |
0025, Армян Республикасы, Ереван, Чаренц 12, № 53, 1–5 |
| ООО МДО МАТИН, Тажикистан | MDMATJ22 XXX |
TJS USD CNY RUB |
20802972100001000001 20804840900001000001 20804156500001000001 20804810600001000001 |
Таджикистан Республикасы, Согд областы, Худжанд ш., Шарк көч., 84 |
| Global Yatırım Bankası A.Ş | GOGYTRIS XXX |
TRY |
TR830015000000000410800001 |
Esentepe Mh, Büyükdere Cd. No:127 B D:17, 34000 Şişli/İstanbul, Turkey |
| АО «Банк Фридом Финанс Казахстан» | KSNVKZKA |
KZТ |
KZ27551A024000227 |
Казахстан Республикасы, Алматы ш., Алмалы р-ну, Курмангазы көч, 61а. |
| Аты-жөнү | ОАО «ФинансКредитБанк» |
| Жайгашкан жери: | г.Бишкек, Кыргызская Республика |
| Почта дареги: | 720021, г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 105 |
| Юридикалык дареги: | Кыргызская Республика, 720021, г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 105 |
| Жеке номер: | 00812200510186 |
| БИК: | 134001 |
| Коррр/эсеп: | 1013810000490186 в НБКР |
| ОКПО коду: | 23987776 |
| SWIFT: | FIKBKG22 |
| Telex: | 245155 FCKAB KH |
| Эл.почта: | fkb@fkb.kg |
| Веб-сайт: | www.fkb.kg |
|
Бербаев Тимур Омурбекович Башкармалыктын Төрагасынын орун басары |
Дүйшөмбү-Жума 9:00 - 17:00, Шаршемби 14:00 - 17:00 | Бишкек ш., Абдрахманов көч., 105 |
|
Мамбеталиева Адэль Канатовна Башкармалыктын Төрагасынын орун басары |
Дүйшөмбү-Жума 9:00 - 17:00, Шаршемби 14:00 - 17:00 | Бишкек ш., Усенбаев көч., 2 |
|
Зинченко Ирина Алексеевна Башкармалыктын Төрагасы |
Шейшемби, Бейшемби 15:00 дөн 17:00 гө чейин | Бишкек ш., Усенбаев көч., 2 |
Банктын өнөктөштөрү үчүн маалымат: АКШнын чектеринен тышкары АКШнын резиденттери тарабынан алынып жаткан кирешелерден алынуучу салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу максатында, 2010-ж. 18-мартында АКШда «Чет өлкөлүк эсептерге салык салуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган (FATCA).
FATCA жоболоруна ылайык, алардын ичине «ФинансКредитБанк» ААКы (мындан ары Банк) дагы кире турган чет өлкөлүк финансы мекемелери (FFIs), 01.07.2014-ж. тартып америка салык төлөөчүлөрүнүн, Банктын кардарлары жеке адамдардын эсептериндеги калдыктар жана операциялар жөнүндө маалыматтарды АКШнын Ички кирешелер кызматына (IRS) ачып көрсөтүүгө милдеттүү.
Ушул сунуштоолорго ылайык, «ФинансКредитБанк» ААКы, Кыргыз Республикасынын бардык банктары сыяктуу эле, IRS менен макулдашууга кошулган жана Банкка GIIN (Global Intermediary Identification Number) ыйгарылган: E7E0WA.99999.SL.417.
FATCAга катышпоо төмөнкүдөй олуттуу тобокелдиктерге ээ:
"ФинансКредитБанк" ААКынын FATCAга катышуусу, FATCAга катышуудан баш тарткан же катышпаган, FFIsтин пайдасына же ал аркылуу жүзөгө ашырылган Кардарлардын чыгыш төлөмдөрүнөн 30%-дык салыкты (жазапулду) кармап калуу тобокелдигин алып салбайт, ушуга байланыштуу которууну жүзөгө ашыруунун алдында, FATCAга банка-бенефициардын, банка-ортомчунун катышуусу жөнүндө маалыматты http://apps.irs.gov/app/fatcaFfiList/flu.jsf шилтемеси боюнча тактап алуу зарыл болот.
Банкты мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо үчүн курал катары пайдаланууга, ошондой эле Банктын ишкер аброюн жана анын кардарларын коргоо максаттарында, «ФинансКредитБанк» ААКында Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 «Терроримзди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын жана КРУБдун ченемдик актыларынын бардык талаптарына жана ченемдерине шайкеш келе турган «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички көзөмөлдүк саясаты (ПОД/ФТ)» аракетте.
Банктын ПОД/ФТ боюнча аракеттеги Саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет. Саясаттын негизинде Банкта ПОД/ФТ боюнча ички көзөмөлдүк тутуму аракеттенет, анын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
Ички көзөмөлдүк тутумун уюштуруу жана Саясат тарабынан белгиленген максаттарга жетишүү үчүн, Банкта Комплаенс бөлүмү иштейт.
«ФинансКредитБанк» ААКы «банк-кабыкчалар», оффшордук зоналарда жана ФАТФ сунуштарын колдошпогон бир катар өлкөлөрдө катталган банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзбөйт.
Урматтуу өнөктөштөр,
эки тараптуу корреспонденттик мамилелерди түзүү учурунда чыгымдарды жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максаттарында, «ФинансКредитБанк» ААКы «Өз кардарыңды бил» стандартташтырылган маалыматтар менен коопсуз алмашуу үчүн http://www.swift.com/ сайтында https://www.swift.com/our-solutions/compliance-and-shared-services/financial-crime-compliance/the-kyc-registry шилтемеси боюнча табууга болот.